Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Шаар мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады


Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлигине талапкерлерди каттоо аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, 15-январда өтө турган Бишкек мэрлигине шайлоого Социал-демократтар фракциясынан Кубанычбек Кулматовдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү. Шаардык кеңештеги “Республика”, “Ата Мекен” жана “Замандаш” фракциялары өз талапкерин сунуштабоону чечкен. Ал эми Ош мэрлигине шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Айтмамат Кадырбаевдин, азчылыкты түзгөн “Улуттар биримдиги” мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду талапкер катары алып чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG