Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

ИИМ Сайдиновду кармоого сыйлык жарыялады


Ошто киши колдуу болгон полковник Толкунбек Шоноевди өлтүргөн адамды кармоого жардам бергендерге акчалай сыйлык берилет. Бул тууралуу ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, Шоноевдин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Кадырбек Сайдинов учурда качып жүрөт. Сайдиновду кармоого көмөктөшкөн адамга 200 миң сом сыйлык берилмекчи.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев былтыр 11-январда үйүнүн жанынан киши колдуу болгон. Анын өлүмүнө шектүү катары кармалган беш кишинин баары тең күнөөлүү деп табылып, эки адам өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылса, үчөө 10, 20, 30 жылга кесилген. Учурда шектүүлөрдүн бири Кадырбек Сайдинов качып жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG