Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:50

Азербайжан: журналисттин өлүмүн иликтөө токтотулду


Азербайжанда киши колдуу болгон журналист жана жазуучу Рафик Тагинин өлүмүн иликтөө токтотулду. Бул тууралуу Тагинин үй-бүлөсү жалдаган адвокат Элчин Садыгов шаршембиде өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Адвокаттын жазышынча, ага Азербайжандын Башкы прокуратурасы кат жөнөтүп, журналисттин өлүмүн иликтөө токтотулганын маалымдаган. Катта ишти иликтөөнүн токтотолушунун себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Рафик Таги 2011-жылы күзүндө белгисиз бирөөлөрдөн денесине бир нече жолу бычак жегенден кийин 4 күн ооруканада жатып көз жумган. Журналист каза болордон мурун кол салууну "Азаттыктын" азербайжан кызматынын сайтында жарык көргөн макаласына байланыштырган. Тагинин жакындары жазуучу ооруканада абалы жакшыра баштаганда, күтүүсүздөн каза болушун атайын уюштурулган иш деп күмөн санап келишет.

XS
SM
MD
LG