Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Иран: өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү уланат


Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк алты держава өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү бүгүн уланат. Анда өткөн жылдын ноябрында кабыл алынган өзөктүк программа боюнча кабыл алынган келишимди ишке ашыруунун жол-жобосу талкууланат. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф бул жолку сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деп үмүттөнөөрүн билдирди. Анткен менен Рейтер агенттиги жашыруун калууну каалаган дипломатка шилтеме берип, сүйлөшүү жүрүшүндө жаңы пикир келишпестиктер болушу мүмкүн экенин жазып чыкты.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайт деп шек санайт, Тегеран болсо мындай ырастоолорду четке кагат.
Буга чейин Иран жана дүйнөлүк 6 держава өзөктүк программа боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Батыш өлкөлөрү Иранга экономикалык санкция жеңилдетилип, өз кезегинде Тегеран ядролук программасын убактылуу кыскартууга тийиш.

XS
SM
MD
LG