Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Өкмөт башчынын журналисттер менен жолугушуусу болгон жок


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин журналисттер менен бүгүнгө пландалган жолугушуусу болбой калды. Ал өкмөт башчынын жумуш графигине байланыштуу башка күнгө жылдырылганын өкмөт үйүнөн билдиришти.
Жолугушууда Сатыбалдиев Кумтөр кени боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берери айтылган.

Сентябрда Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырып, эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынарын эскерткен. 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% болгон баштапкы сунушту калтырган.

Апта башында президент Алмазбек Атамбаев бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйө менен, аны кайра чакырып алуу тапшырмасын бергени кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG