Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 14:56

Кумтөр боюнча эл аралык эксперттер менен сүйлөшүү болот


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Кумтөр боюнча эл аралык эксперттер менен жолугат. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кумтөргө байланыштуу маселелер каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Эл аралык эксперттер чет өлкөдөгү «ДЛА Пайпер» юридикалык уюмунан келген.

2013-жылдын сентябрында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү тапшырган. Эгер “Центерра Голд” ага макул болбосо, улутташтыруу чечими кабыл алынары эскертилген. Бирок 23-декабрда кыргыз өкмөтү сунуштаган долбоордо "Центерра Голд" менен Кыргызстандын үлүшү 50/50% бойдон калтырылган болчу.

Апта башында президент Алмазбек Атамбаев бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деген жүйөө менен аны кайра чакырып алуу тапшырмасын бергени кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG