Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Акундун арызы сотто каралат


Бишкектеги райондор аралык соту бүгүн түштөн кийин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун арызын карайт. Акун акыйкатчылыкка талапкерлерди көрсөтүү тартибин мыйзам бузуулар коштоду деген арыз менен сотко кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы акыйкатчы өзү кабарлады.

Анын айтымында, акыйкатчы кызматтан алынгандан кийин анын ордуна парламенттеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети сынак жарыялашы керек болчу.

-Бирок сынак комитеттин талкуусуна коюлбай туруп эле Жогорку Кеңештин жыйынында жарыяланган. Бул мыйзамдарга туура келбейт,- дейт Акун.

Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш 2013-жылдын июнь айында Турсунбек Акунду акыйкатчы кызматынан бошоткон. Анын ордуна 3-октябрда Бакыт Аманбаев шайланган. (SE)

XS
SM
MD
LG