Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү уланууда


Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Согди облусунун акиминин биринчи орун басары Жумабой Сангинов “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде бүгүн Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасын чогуу кайтаруунун ыкмалары жана эрежелери талкууланат деп билдирди.

- Кыргыз айылы айтып жаткан альтернативдүү жолду куруу маселеси демаркация жана делимитация боюнча өкмөт аралык келишимдердин алкагында гана чечилет. Бүгүн бул суроо каралбайт. Бул биздин турум, - деди Сангинов.

Буга чейин Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолун курууну талап кылып келишкен.

Эки өлкөнүн вице-премьерлери – Токон Мамытов жана Муродали Алимардон 7- январда Дүйшөмбү шаарында жолугушту, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG