Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Аблязов Украинага же Орусияга экстрадицияланат


Франциянын соту экс-банкир, олигарх жана казак оппозиционери Мухтар Аблязов Украинага же Орусияга экстрадицияланышы керек деген чечим чыгарды. Аблязовдун адвокаты апелляцияга берээрин маалымдады.

50 жаштагы Аблязов июлда Каннынын жанындагы Ривьерада кармалып, Францияда камакта эле. Казакстандын Франция менен экстрадиция боюнча келишими жок. Бирок Орусия жана Украина анын экстрадицияланышын сурашкан. Аблязов 6 миллиард долларды БТА банктан алган деп айыпталууда. Аблязов ага коюлган айыптарды саясий басым деп баалап келет.

Казакстандын БТА банкынын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов президент Назарбаевдин бийлигин сындагандардын ичинен төбөсү көрүнгөнү жана эң таасирдүүсү деп саналат. Ал Казакстандан 2009-жылы БТА банк өкмөттүн башкаруусуна өткөндөн кийин чыгып кеткен. (AiK)

XS
SM
MD
LG