Аятолла Али Хаменеи Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрү АКШнын Иранга карата душман экенин ачыктаганын айтты.
Ирандын жогорку лидеринин бул сөзүн бейшембиде Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жазды. Хаменеинин маеги Иран АКШ менен өзөктүк программа боюнча Женевада өтчү жыйынтыктоочу сүйлөшүүнү өткөрөйүн деп жатканда бир саат калганда жарыяланды.
Ирандын жогорку лидери өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр “Американын Иранга, ирандыктарга, ислам жана мусулмандарга” каршы экенин көргөздү деди. Ирандын АКШ менен сүйлөшүүгө барышын сындады.
Женевадагы жаңы сүйлөшүүлөр ноябрда жетишилген утурумдук келишимди ишке киргизүү боюнча болот. Ага ылайык, Иран өзөктүк программасын кыскартат, ал эми державалар санкцияларын алат. (AiK)