Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Путин жана Роухани телефондон сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Роухани бейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Кремль тараткан маалыматта, эки лидер Тегерандын өзөктүк программасын жана алдыдагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулашкан. Сириядагы кырдаал боюнча эл аралык тынчтык "Женева-2" сүйлөшүүлөрү 22-январда өтөт. Москва жана Тегеран аракеттенгени менен, Иран Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышпайт. Телефон аркылуу сүйлөшүү демилгеси кимге тиешелүү экендиги белгисиз. АКШ апта башында Иранды "Сирияны "жапайычылыкка” түртүп жатат" деп айыптады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иран “Женева-2” конференциясына бейрасмий катыша аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG