Пакистандын ири шаары Карачиде бейшембидеги жардыруудан криминалдык кылмыштарды иликтөө боюнча полиция департаментинин жектечиси Чаудхри Мохаммад Аслам жана кеминде эки полиция кызматкери мерт кетти, жараат алгандар да бар. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер алышты.
Чабуул учуру тартылган тасмада колоннада келаткан бир полиция унаасы толугу менен жок кылынганын көрсө болот. Аслам абдан белгилүү полиция жетекчиси болгон, ага буга чейин да үч жолу чабуул жасалган эле. Премьер-министр Наваз Шариф чабуулду айыптады. (AiK)