Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Тунистин премьери кызматтан кетээрин жарыялады


Тунистин премьер-министри Али Лараед бейшемби күнү кызматтан кетүү боюнча арызын президентке тапшыра тургандыгын жарыялады. Ал мындай чечимин өлкөдөгү саясий туңгуюкка чекит коюп, камоолорду токтотуу ниети менен түшүндүрдү.

Буга чейин башкаруучу исламисттик «Эннахда» («Кайра жаралуу») партиясы оппозиция менен келишимге кол койгон, ага ылайык партиянын өкүлдөрү өкмөттүн курамынан чыгат. Жаңы шайлоого чейин бийлик көз карандысыз саясатчылардан турган убактылуу өкмөткө өтөт.

2011-жылда январда президент Бен Али коррупцияга, жумушсуздукка жана баанын кымбатташына каршы толкундоолордун жыйынтыгында бийликтен кеткен. Ушул окуядан кийин айтылуу «араб жазы» башталып, элдик ыңкылаптар Ливияны, Египетти, Йеменди жана Сирияны каптаган. Бийликтер премьердин кетиши акыркы айларда Тунисте өтүп жаткан массалык нааразылык акцияларды токтотот деп үмүттөнүшөт. (AiK)

XS
SM
MD
LG