Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстан менен Тажикстан эки патрулдук топ түзөт


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен айрым жерлерди кайтаруу үчүн эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн атайын кайгуул топтору түзүлөт.

Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматына Исфара шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Икбол Тешаев билдирди. Бейшембиде Тажикстандын Исфара шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасын чогуу кайтаруунун шарттары жана эрежелери талкууланды. Бул сүйлөшүүдө кабыл алынган чечимдер жыйынтыктоочу протоколго киргизилди.

- Тажикстандын Исфара районунун жана Кыргызстандын Баткен районунун Ички иштер органдары айрым аймактарды чогуу кайтарууну уюштурат. Биргелешкен патрулдардын ишин координациялоо үчүн чогуу штаб түзүлөт. Бир жума ичинде патрулдардын каттамын аныктоо керек. Эки өлкөнүн чектешкен райондорунун жергиликтүү бийликтери калкка коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү зарыл.

Эки өлкөнүн вице-премьерлери: Токон Мамытов жана Муродали Алимардон 7- январда Душанбе шаарында жолугушкан. Бейшембиде Исфарада өткөн чек ара боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланат. (AiK)

XS
SM
MD
LG