Ирактагы Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарында «ал-Каидага» байланышы бар согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн күрөшү уланып жатат. Бейшембиде өкмөттүн коопсуздук күчтөрү шаарга танктар менен кирип, атышуулар орун алды. Эл аралык Human Rights Watch уюму согушкерлердин да, өкмөттүк күчтөрдүн да жайкын тургундардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканына тынчсызданып, билдирүү таратты. АКШнын вице-президенти Жо Байден Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликиге телефон чалып, өлкөдөгү суннилер менен шииттердин ортосундагы ынтымакты күчтөө үчүн аракет көрүүгө чакырды.
Өздөрүн “Ирак ислам өлкөсү жана Леванта” деп атаган, “ал-Каидага” байланышы бар топтун согушкерлери Фаллужа жана Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарларынын айрым бөлүктөрүн өткөн аптада ээлеп алган.