Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Эл аралык арбитраж Жерүй боюнча арызды мартта карайт


Таластагы Жерүй кени боюнча Казакстандын Visor компаниясынын арызын кароону Гаагадагы эл аралык арбитраж 17-мартка жылдырды. Бул тууралуу Геология жана жаратылыш ресурстары боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эл аралык арбитраждагы иш өткөн жылдын декабрь айына белгиленген. Бирок улам-улам артка жылдырылып келет.

2010-жылга чейин Жерүйдү иштетип келген Visor компаниясынын лицензиясын кыргыз өкмөтү инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен жокко чыгарган болчу. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон. Эл аралык арбитражда Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн кыргыз өкмөтү “Арнолинг портер” аттуу юридикалык компанияны жалдаган.

XS
SM
MD
LG