Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:10

Таш-Көмүрдө сууга чөктү делген адамды издөө токтотулду


Таш-Көмүр шаарында дарыяга агып кетти деп божомолдонгон Майрамбек Сатканкуловду издөө иштери 10-январдан тарта токтотулду. Он сегиз күндүк издөөдөн майнап чыккан жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

22-декабрь күнү дайынсыз жоголгон 25 жаштагы Сатканкуловду министрликтин куткаруучулары жана туугандары издеп жаткан болчу.

Майрамбек Сатканкулов - Таш-Көмүр шаарынын тургуну. Анын Нарын дарыясына түшүп кеткени божомолдонууда. (SE)
XS
SM
MD
LG