Ошто мэр шайлоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков кол астындагы кызматкерлерге ушундай тапшырма берди. Милиция менен кошо элдик кошуун өкүлдөрү да нөөмөткө чыгышат. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Буга чейин 8-январдан тарта “Улуттар биримдиги” партиясына кысым болуп жатат деген негиз менен Ошто нааразылык акциялары өтөрү туурасында божомолдор айтылган. Аны Кытайдын Үрүмчү шаарында туруп мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев уюштуруп жатканы кабарланган болчу. Бирок “Улуттар биримдиги” партиясынын өкүлдөрү бул маалыматты тастыкташкан эмес. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Жаныш Бакиевдин Үрүмчүдө экенин ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Учурда Ош шаарында коомдук-саясий абал туруктуу. Мэр шайлоо 15-январда болот. Калаа башчынын ордуна Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаев ат салышууда.
Мырзакматовдун талапкерлигин “Улуттар биримдиги” жана НДПК партиялары көрсөткөн. Кадырбаев шаардык кеңештеги КСДП, “Ата Мекен”, “Республика”, “Замандаш” жана “Адилеттүү Кыргызстан” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган. (SE)