Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:43

Ниагара шаркыратмасы тоңуп калды


Түндүк Америкадагы көптөн бери болуп көрбөгөндөй катуу сууктан АКШ менен Канаданын чегинде жайгашкан бийиктиги 53 метрге жеткен шаркыратма тоңуп калды. Буга чейин шаркыратма 1848-жылы жана 1912-жылдары тоңгон. Ниагара дарыясын дагы жарым-жартылай муз каптады. АКШда январдын ортосунан бери адаттан тыш суук болуп, айрым райондордо абанын температурасы нормадан 15-20 градуска төмөндөдү. 10 миңдей авиакаттамдар токтоп, көп жолдордо кыймыл токтоду. Катуу сууктан АКШ экономикасы беш миллиард доллардай чыгым тартты.
XS
SM
MD
LG