Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Пакистан: жанкечтинин жолун тороп, набыт болгон өспүрүм жогорку сыйлык алат


Пакистанда өкмөт башчы Наваз Шариф жанкечтинин жолун тороп, набыт болгон өспүрүмгө «Айтзаз Хасан Ситара-и-Шужаат деп аталган баатырдык орденин берүүнү сунуш этти. Күбөлөрдүн айтымында, Пакистандын түндүгүндөгү Хайбер Пахтунква дубанында Айтзаз Хассан мектептин кире беришинде жан кечтинин жолун торогондо, ал өзүн жардырып жиберип, экөө тең набыт болду. Башка эч ким жапа тарткан жок. Премьер-министр Хасандын кадамы жүздөгөн окуучунун өмүрүн сактап калгандыгын белгиледи. Хасандын атасы баласын менен сыймыктанаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG