Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Баткен: Ак-Сайда электр жарыгы өчүрүлдү


Баткендеги Көк-Таш айылы, 11-январь, 2014-жыл
Баткендеги Көк-Таш айылы, 11-январь, 2014-жыл
Бул тууралуу Ак-Сай айыл аймагынын башчысы Абдипатта Бердиев “Азаттыкка” билдирди. Ак-Сай айыл аймагына караштуу айылдарга кеткен электр зымдары Тажикстандын айылдары аркылуу өтөт. Азырынча кыргыз айылдарына ток берүү эмне себептен токтогону такталууда.

Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде беш кыргыз, эки тажик чек арачысы жараат алганы кабарланган. Окуядан кийин кыргыз-тажик чек арасы жабылганын "Азаттыкка" Чек ара кызматы маалымдады.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JsA)

XS
SM
MD
LG