Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Ак-Сайдагы атышууну эки тарап биргеликте иликтөөгө алды

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча эки тараптын вице-премьер-министрлери Токон Мамытов менен Муродали Алимардон телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, чек арачылардын ок атышуу фактысы боюнча бирге иликтөө жүргүзүү чечимине келишти.

Бүгүн Баткен районунун Аксай айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу орун алып, кыргыз тараптан 5, тажик тараптан 2 чек арачы жараат алган.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA/JsA)
XS
SM
MD
LG