Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги “Азаттыкка” бүгүн маалымдады.
Ушул жылдын башынан тартып күчүнө кирген Орусиянын Миграция тууралуу жаңы мыйзамы боюнча эми бул өлкөгө визасыз кирүүчү мамлекеттердин жарандары 90 күн жүргөндөн кийин сөзсүз түрдө 90 күн Федерациянын аймагынан сырт жүрүп келүүсү зарыл.
Буга чейин мигранттар мыйзамдуу 90 күн жашагандан кийин жок дегенде бир сутка ичинде Украина же Казакстандын жакынкы шаарларына чыгып, кайра киргенден кийин 90 күн жашай беришчү.
Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 2013-жылга карата үч жүз миңге чукулдаган. Бейрасмий маалыматтарда болсо бул сан алда канча көптүгү, Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында бери дегенде эле миллионго чукул кыргыз мигранттары бар экени айтылат. (SA)