Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Израилдин экс-премьери Ариел Шарон көз жумду


Израилдин экс-премьер-министри, сегиз жылдан бери эс-учун билбей жаткан 85 жаштагы Ариел Шарондун бүгүн жүрөгү кармап, көз жумганын Израилдин бийликтери жана үй-бүлөсү билдирди. Шарон 2001-жылы Эхуд Баракты көп добуш менен жеңгенден кийин өкмөт башына келген. 2001-2006-жылдары бул кызматты ээлеп турганда ал Израилдеги эң популярдуу, араб дүйнөсүндө эң бир жек көрүмдүү саясатчыга айланган эле.

Ариел Шарон Израил мамлекетинин тарыхындагы бардык орчундуу окуяларга түздөн-түз катышкан. Жөөт армиясында ал кезегинде эң жаш полковник болгон жана кийин генералдык наамга жеткен. Саясатка катышкандан тартып айыл чарба министри, коргоо министри, өнөр жай министри жана андан соң тышкы иштер министри болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG