Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Украина: оппозиция лидери реанимацияда кала берүүдө


Украинанын мурдагы ички иштер министри жана учурдагы оппозиция лидери Юрий Луценконун аялы Ирина Луценко күйөөсү бүгүн эртең менен башына сокку жегенден кийин мээси чайкалып калганын оппозициячыл «Хромадске» телеканалына билдирди:

- Дарыгерлер башына жабык жаракат келтирилген, мээси чайкалып үч шишик пайда болгон жана бетинен ачык жараат алган деп тапты. Кудайга шүгүр, дагы жаагына зак кетпептир. Эсинен танган жок, бирок дайым эмес. Ал элден өч албоону суранды, анткени тартип коргоочулардын "Бүркүт" тобу болгону буйрукту аткарып жатат. Ошондуктан, ал элди өч албагыла деп чакырат.

Киевдеги кагылыш жума күнү сот 2011-жылы Лениндин эстелигин жардырмакчы болгон деп үч кишини алты жылга кескенден кийин чыккандыгы кабарланууда. Соңку маалыматтарга караганда, кагылышта аз дегенде дагы 30 киши, анын ичинде 20 тартип коргоочу жараат алды.

XS
SM
MD
LG