Бүгүн кечинде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү тараткан. Анда “7-январдагы эки тараптуу макулдашууда, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу сүйлөшүлгөнүнө карабастан, кыргыз тарап 11-январда такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзө баштаган. Курулуш иштери куралдуу кыргыз чек арачылары менен коргоого алынган. Тажик чек арачыларынын эскертүүсүнө кыргыз аскерлери уят сөздөр менен жооп кайтарып, ок чыгарышкан” деп жазылат. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы маалымдады.
Бүгүн Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болушкан.
Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.
7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA)