Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Чек арада тажик айылдарынан да эл чыгып кетүүдө


11-январда атышуу болгон кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде орун алган тажик айыл тургундары да үй-бүлөлөрүн коопсуз жайларга көчүрүп чыгып кетишүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын “Азия плюс” маалымат агенттиги Исфара районунун Хожайло айылынын тургундарына таянып жазышкан.
 
Бүгүн Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери,  тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болушкан. 
 
Ок атуу боюнча эки тараптын расмий бийликтери чагымчылдыкка бири-бирин күнөөлөөдө.
 
Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда  тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.
 
7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (SA)

 

XS
SM
MD
LG