Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу уланууда


Учурда Ак-Сай-Көк-Таш-Ак-Сай айланма жолунун курулуш иши уланууда. Ал жерде 9 техника иштеп жатат. Жумушчулардын коопсуздугун жергиликтүү күч кызматтары көзөмөлдөп турат. Курулуш кадимки тарптипте жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эске салсак, кечээ Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай-Тамдык-Көк-Таш жолунун курулушу жүрүп жаткан жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда ок атылган.

Эки тараптын ок атышуусунан кыргызстандык 5 чегарачы жана бир милиция кызматкери, тажикстандык 3 чегарачы жарадар болгон.

Өткөн жылдын 17-декабрында Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда тиреш орун алып, аксайлыктар Ворухка кетчү жолду бууп, бийликтен Тажикстандын Чорку айылын айланып өтүүчү жол куруп берүүнү талап кылышкан.

7-январдагы Дүйшөмбү шаарындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арачылары талаштуу аймактарды биргеликте кайтаруу чечимине келишкен болчу. Алгачкы биргелешкен көзөмөл 10-январда башталган. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG