Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Мамытов: Тажикстан эл аралык нормаларды бузду


Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов бүгүнкү маалымат жыйынында тажик тарап кечээ америкалык өндүрүштөн чыгарылган минометту колдонуу менен эл аралык нормаларды бузганын билдирди:

- Бул окуяны мен саясатчы катары азырынча чек арадагы чыр катары баалап турам. Ал эми Кыргызстандын жараны катары бул сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын чек арасын одоно бузуу менен мыйзамсыз курал колдонуу, Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө коркунуч алып келүү деп эсептейм, - деди Мамытов.

Мамытов андан ары: "Тажик чек ара кызматынын штаб башчысы, майор тапанчасын биздин чек арачынын башына такап, жол курууну токтоткула дегени, ага эскертүү берген биздин лейтенантты атып салганы, ал аз келгенсип, миномет менен бизди аткылаганы бул эл аралык мыйзамды бузганы. Кыргызстан дипломатиялык жолдо эл аралык мыйзамдарды, кошуналык сапаттарды тутунганын айрымдар кыргыздар коркуп калды деп ойлошот экен. Биз ага жол бербейбиз. Биздин улуттук кызыкчылыгыбыз бар. Бирок ошентсе да ар бир инцидент сүйлөшүү, саясий жол менен чечилиши керек. Мен алар күнөөлөрүн мойнуна алат деп ишенем”, - деп кошумчалады.

Кечээ Баткендин Ак-Сай айылына жакын жерде тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги кечээ бул окуяда биринчи кыргыз чек арачылары ок атканы тууралуу маалымат таратты. Кыргыз расмийлери бул маалымат чындыкка коошпостугун айтууда. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG