Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Кыргызстан Тажикстанга эки нота жөнөттү


Кыргызстан Тажикстанга нааразычылык иретинде эки нота жибергенин бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов журналисттерге билдирди.

- Тышкы иштер министрлиги тажик тарап миномет, көзгө атар мылтык сыяктуу курал-жарактарды алдын-ала даярдаган деп чечип, бул боюнча Тажикстанга нааразычылык нотасын жөнөттү. Биринчиси, жол куруууну токтотуу боюнча мыйзамсыз талаптары, ок атууну биринчи баштаганы боюнча каршылыгыбызды билдирдик. Экинчи нотада окуядан кийин эл аралык коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун бекемдөө жана иликтөө бүткөнчө чек аралар белгисиз мөөнөткө жабылары билдирилген, - деди Бешимов.

Кечээ Ак-Сайда тажик-кыргыз чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болуп, кыргыз тараптан 5 чек арачы, бир милиция кызматкери, тажик тараптан 3 чек арачы жарадар болгон. Учурда оор жаракат алган 3 чек арачы Бишкекке алынып келе жатат. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG