Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Жалал-Абадда көк бөрү мелдеши үзгүлтүккө учурады


Облустук администрация менен ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен кечээ “Телтору” ат майданында уюштурулган көк бөрү оюну боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылган жок. ОИИБинин басма сөз кызматы ага эки команданын оюн маалында өз ара чырдашып кетүүсү себеп болгонун, жыйынтык чыгаруу кийинкиге калтырылганын кабарлады. Мелдешке Жалал-Абаддагы район-шаарлар жана ички иштер башкармалыгынан 18 команда катышып, алардын төрт жубу ойноп бүткөн болчу.

Көк бөрү мелдешинин убагында облустагы жетим-жесир, турмушу начар, майып адамдар үчүн кайрымдуулук акциясы уюштурулду. Маалыматка караганда, ага катышкан жергиликтүү бийлик, мекеме-уюмдар жана жеке адамдар өз салымдарын кошуу менен кайрымдуулук коруна 360 миң сом каражат жыйналды. (YA)

XS
SM
MD
LG