Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Кара керикке аңчылык укугу 350 миң долларга сатылды


Африкада сейрек кездешүүчү кара керикке же носорогго аң уулоо укугун Техастагы аңчылар клубу аукциондо 350 миң долларга сатты. Бул каражаттын бир бөлүгү керикке аң уулоо боло турган Намибиядагы жаратылышты коргоо аракеттерине сарпталат. Аукциондун өзү талаштуу болду, анткени кара керик жок болуп бараткан жаныбар деп саналат.

Азияда мүйүзү дары деп саналган кара керик түштүк Африкада мыйзамсыз аңчылыктан улам дээрлик жоголуп кеткен. Намибияда 1800 чакты кара керик бар. Намибиянын өкмөтү жылыга беш керикти атууга уруксат берет.

XS
SM
MD
LG