Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Багдаддагы жардырууда тогуз киши набыт болду


Полициянын айтымында, Ирактын баш калаасындагы Аллави ал-Хилла автобус бекетиндеги кечээки жардырууда дагы 16 киши жараат алды. Коопсуздук жана медицина кызматкерлери АФП агенттигине билдиргендей, бомба армияга кирүүгө арыз берген кишилер үйлөрүнө кайтып жаткан учурда жарылды.

Бейшембиде да жан кечти Багдадда армияга кирүүнү каалагандарды бутага алып, өзүн жардырганда, 23 кишинин өмүрү кыйылган. Ирактын өкмөтүнө каршыккан согушкерлер коопсуздук күчтөрүнө көп кол салат.

XS
SM
MD
LG