Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:00

Кыргыз мушкери алжирлик атаандашын жеңип алды


Кечээ кечинде Кыргызстандын бокс чебери, Азия чемпиону Азат Үсөналиев (52 кг.) алжирлик атаандашы Аминь Хетчанини 5:0 эсебинде жеңип алды. Үсөналиев учурда украиналык “Атамандар клубу” менен убактылуу келишим түзүп, былтыркы күздөн тарта ушул команданын намысын коргоп келе жатат.

Алжирдин “Чөл ителгилери” менен украиналык “Атамандар клубу” командалары беттешин 11-январда башташкан. Ал Алжирдин Блида шаарында өтүп жатат.

Азат Үсөналиев мындан мурда аргентиналык атаандашын да жеңген. Натыйжада командалык беттештин жыйынтыгы менен бул таймашта да украиналыктар жеңишке жетишкен. (KMa)

XS
SM
MD
LG