Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Баткен: Чек арада эл топтолуп турат


Баткендин чек арадагы Көк-Таш, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарында абал дале чыңалып турат. Эл кечээги окуяга тынчсызданып, чек арада коопсуздук чараларын күчөтүүнү суранууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Мамажан Бердишев билдирди.

Ал эми Самаркандек айылынын тургуну Абдыганы Дыйканов “Азаттыкка” байланышка чыгып, учурда чек арага жакын жерлерде эл топтошуп турганын айтты.

Кечээ Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларын көздөй ок атышкан. Натыйжада эки тараптуу ок атышуудан Кыргызстандын 5, Тажикстандын 3 чек арачысы жарадар болгон.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип ок атуу менен эл аралык мыйзам-эрежелерди бузганын айтууда. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG