Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Баткенде жергиликтүү тургундар аскерлерге жардам берүүдө


Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чатактан улам аймакка барган кошумча аскерий күчтөргө жергиликтүү тургундар тамак-аштан жардам берүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Самаркандек айылынын тургуну Абдыганы Дыйканов билдирди. Анын айтымында, Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймакты көзөмөлдөп турган кыргыз аскерлери үчүн айыл эли кой союп, азык-түлүктөрдү алып барып берди. Чек арада аскерлер менен кошо тургундар да күзөткө чыгууда.

11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон. Ошол эле күнү кыргыз тарап чек араны белгисиз мөөнөткө жапкан.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин үчөө дарылануу үчүн жекшембиде Бишкекке алып келинди.

Кыргыз расмийлери тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип ок атуу менен эл аралык мыйзам-эрежелерди бузганын айтууда. Окуяга байланыштуу Кыргызстан нааразычылык иретинде Тажикстанга 12-январь күнү нота жиберген.

Чек арадагы атышуудан улам аймакка жакын жашаган кыргыз жана тажик айылдарынын тургундары тынч аймактарга кете баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG