Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:49

Баш прокуратура: Салянованын абалы канааттандырарлык


Баш прокурор Аида Салянова кырсыкка кабылып, учурда ооруканада экенин аталган кызматтын маалымат катчысы Сейитжан Апышев “Азаттыкка” тастыктады.
Анын айтымында, учурда Баш прокурордун абалы канааттандырарлык. Бирок ооруканадан качан чыгаары белгисиз.

Ал эми “Азаттыктын” ооруканадагы ишенимдүү булактары болсо Салянованын акыреги, кабыргалары сынганын, ага бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринде операция жасалганын билдирди.

Баш прокурор айым кечээ лыжа тээп жүргөндө аны катуу ылдамдыкта келаткан лыжачан киши капыстан сүзүп кеткен. (MTo)

XS
SM
MD
LG