Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:42

Кантта аскердин өлүмү иликтенүүдө

Кант шаарында аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө. Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, өткөн жума, 10-январда кечинде №33665 аскер бөлүгүндө 20 жаштагы катардагы жоокер асынып өлгөн. Ал аскерге былтыр жазында Баткенден чакырылган. Окуянын чоо-жайын Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Коргоо министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, №33665 аскер бөлүгүндө он жоокер кызмат өтөйт. Бул бөлүк азык-түлүк жана башка мүлк сакталчу кампа болуп эсептелет.(EBM/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG