Муфтийдин милдетин аткаруучу Максат ажы Токтомушев бүгүн журналисттерге алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал муфтияттын алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди. Токтомушевдин айтымында, ал муфтият менен мамлекеттин ортосундагы алаканы жакшыртуу, муфтияттын ичин туура эмес кадрлардан тазалоо, ханафи мазхабын жайылтып, бекемдөөнү максат кылат. Ошондой эле жамааттар ортосундагы мамилени бекемдөөнү, ажылыкты уюштуруу иштерин жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзөт.
Максат Токтомушев 7-январда уламалар кеңеши тарабынан муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлигин бекитип берүү үчүн диний башкармалык 8-февралда өтүүчү курултайдан сураганы жатат. Азырынча Токтомушевден башка талапкердин аты атала элек. Ал эми мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев видеочуусунан кийин кызматтан кеткен. (ZB)