Мындай оюн муфтийдин милдетин аткаруучу Максат Токтомушев бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, кайрымдуулук менен алектенген диний жана билим берүүчү чет элдик уюмдардын өз идеологиясын жайылтууга жол берилбеши керек. Ал чет элдик мындай уюмдардын ишин колдоорун, бирок Кыргызстанга салттуу деп саналып калган ханафи мазхабына туура келбеген тымызын иш-аракеттерди кылышына каршы экенин билдирди.
Максат Токтомушев 7-январда уламалар кеңеши тарабынан муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Анын талапкерлигин бекитүү же башка адамды шайлоо 8-февралда өтүүчү мусулмандардын курултайында белгилүү болмокчу. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы курултайга жалгыз Токтомушевдин талапкерлигин гана сунуштаганы жатат. Ал эми мурдагы муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев видеочуусунан кийин кызматынан кеткен. (ZB)