Филлипиндин түштүгүндөгү каттуу жаандан кийинки суу ташкыдан жана жер көчкүдөн 13 адам көз жумду. Табигый кырсыктан Минданао аймагынын 10 провинциясы жабыркаганы маалымдалды. 132 миң жергиликтүү тургун үй-жайын таштоого мажбур болду. Суу ташкынына кабылган аймактар 2012-жылы дагы "Бофа" тайфунунан каттуу жабыркап, анда 7 миңден ашуун адам каза тапкан (AiK).