Тажик тараптан сокку күтүүсүз жерден жасалды. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Раимберди Дүйшөмбиев премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге ооруканада маалымат берип жатып билдирди. Өкмөт башчы окуя учурунда жараат алган аскерлерден кабар алыш үчүн бүгүн ооруканага барган. Дүйшөмбиев ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта тажик тарап снайперлерди колдонгон айтты:
- Аркы беттен снайперлер да иштеген. Андан бир күн мурун мен командачысы менен жолугушуп, эч кандай күч колдонбой, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек деп макулдашканбыз. Анан эле күтүүсүз жерден башташты.
11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 5, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон.
Тажикстан кыргыз тарап Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолун куруу менен мурда жетишилген келишимди бузуп жатат деп эсептейт. (RK)