Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

«Алтын глобустун» 2013-жылдагы лауреаттары аныкталды


Голливуддагы чет өлкөлүк прессанын ассоциациясынын «Алтын глобус» сыйлыгынын эң мыкты драмалык тасмасы деп режиссер Стив Маккуиндин «12 жыл кулчулукта» деген фильми таанылды. "Мыкты режиссерду" мексикалык Альфонсо Куарон «Гравитация» фантастикалык тасмасы үчүн алды.
"Америкалык көз бойомочулук» криминалдык трагикомедиясы «мыкты комедия же мюзикл» номинациясынада биринчиликти алды. Эң мыкты чет өлкөлүк тасма катары Голливуддагы журналисттер италиялык Паоло Соррентинонун «Улуу сулуулук» тасмасын аташты. «Мыкты драмалык актриса» номинациясында Кейт Бланшетт Вуди Аллендин «Жасмин» тасмасында аткарган ролу үчүн сыйлыкка татыды. Актер Мэтью Макконахи Рон Вудруфтун «Кардарлардын далластык клубу» тасмасындагы СПИД менен ооруган адамдын ролу үчүн сыйлыкка ээ болду. Ирландиялык U2 рок тобу Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти, 2013-жылы көз жумган Нелсон Мандела жөнүндө Жастин Чадвиктин «Эркиндикке карай узак жол» тасмасындагы композициясы үчүн сыйлык алды.

«Алтын Глобустун» лауреаттары Лос-Анжелесте жекшемби күнү жарыяланды. Бул сыйлык дүйнөлүк кинематогафияда «Оскардан» кийинки эле маанилүү сыйлык болуп эсептелет (AiK).

XS
SM
MD
LG