Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Пан Ги Мун Иракка Сирияны талкуулоо үчүн келди


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Багдадга бийлик төбөлдөрү менен Сириядагы жарандык согушту талкуулоо үчүн келди. Пан Ги Мундун келишин утурлай Ирак өкмөтү дүйшөмбү күнү баш катчы менен бир катар “аймактык маселелер, айрыкча Сириядагы кризис” талкууланарын жарыялаган.

БУУнун баш катчысы Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана тышкы иштер министри Хошиар Зебари менен сүйлөшөт. Пан Ги Мундун сапары 22-январда Швейцарияда өтчү "Женева-2" конференциясыныны алдына туш келүүдө. Конференциянын уюштуруучулары Сириядагы оппозиция менен бийлик өкүлдөрүн түз сүйлөштүрөбүз деп үмүттөнүшүүдө. (AiK)

XS
SM
MD
LG