Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Баткен: Кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын сүйлөшүүсү аяктады


13-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек ара кызматтарынын жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 11-январда болгон окуя боюнча жолугушуу өтүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында чек арадагы эл жашаган аймактардан эки өлкөнүн аскер жана атайын бөлүктөрүн чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлады.

Сүйлөшүү учурунда тажик тарап Көк-Таш–Аксай жолунун курулушун токтотууга чакырды. Кыргыз тарап буга макул болгон жок жана бул жол боюнча маселени эки тараптуу өкмөт аралык комиссиянын кароосуна калтырууну сунуштады.

Буга кошумча үч күндүн ичинде биргелешкен патрулдардын жол каттамдарын жана алардын курамын аныктоо тапшырмасы берилди.

Кыргызстандын делегациясын Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектешти. Тажик делегациясынын Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали жана ички иштер министринин орун басары Искандер Раджабов жетектеп келишти.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүүдө буга чейин кабыл алынган макулдашууларды сакташы керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Согди облусунун акиминин биринчи орун басары Жумабой Сангинов билдирген.

Ал бүгүн Баткен шаарында чек ара боюнча 4-5 саатка созулган сүйлөшүү өткөнүн, жыйынтыгында чек арада коопсуздукту биргелешип камсыз кылууну уланта берүү тууралуу жазылган протокол кабыл алынганын билдирди.

11-январда Баткен районунда чек арадагы ок атышууда беш кыргызстандык жоокер, бир милиция кызматкери жараат алган. Алардын үчөө Бишкекте, үчөө Баткенде дарыланып жатат. Тажикстандын үч чек арачысы да жарадар болуп ооруканада. (AiK/RK).

XS
SM
MD
LG