Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Ариэл Шарондун сөөгү жерге берилди


Израилдин мурдагы премьер-министри Ариэл Шарон Газа тилкесине чектеш жерге жакын жайгашкан Негев аймагында үй-бүлөлүк фермада жубайынын жанында жерге берилди. Бүгүн Израилге Ариэл Шаронду акыркы сапарга узатуу үчүн 21 өлкөдөн жогорку даражадагы өкүлдөр жана дипломаттар келишти.

Жекшембиде Ариэл Шарондун сөөгү салынган табыт коштошуу үчүн Израилдин парламентине коюлган. Аны акыркы сапарга узата турган топ Иерусалимден батышты карай басып, Латрун деген жерде бир жолу токтоду. Бул жерде Ариэл Шарон 1948-жылы араб-израил согушунда жарадар болгон. Армиянын генералы Шарон Израил баштаган төрт согушка катышкан.

Израилдин мурдагы премьер-министри, дээрлик сегиз жыл эсине келбей жаткан, 85 жаштагы Ариэл Шарон 11-январда дүйнө салды. 2001-2006-жылдары израил өкмөтүн жетектеген Шарон Жакынкы Чыгыштагы таасирдүү лидерлердин бири катары тарыхта калды. Дүйнөлүк лидерлер Израилге көңүл айтууну улантышууда.(AiK)

XS
SM
MD
LG