Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Азербайжанда саясий активист 6 жылга соттолду


Азербайжанда саясий активист, оппозициялык Мусават партиясынын мүчөсү Ядигар Садыгов “бейбаштык” беренеси боюнча 6 жылга кесилди. Садыгов былтыр июнь айында президенттик шайлоонун алдында согуш ардагери жазган арыздын негизинде кармалган. Ал арызда ардагер Садыгов аны эч себепсиз ур-токмокко алды деп даттанган.

Бирок активист бул айыпты четке кагып, муну саясий ишмердигин токтотуу үчүн атайын уюштурулган иш деп атоодо. Ядигар Садыговдун адвокаты “Азаттыктын” азери кызматына кийинки баскычтагы сотко доо арыз менен кайрыларын билдирди. Укук коргоочу кыймылдар Азербайжанда 145тен ашык саясий туткун түрмөлөрдө жатканын билдирип келишет.
XS
SM
MD
LG