Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Орусиядагы мигранттардын абалы талкууланат


22-январда Москвада мигранттардын абалы боюнча кыргыз-орус өкмөттөр ортосунда түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын алдында түзүлгөн миграция боюнча жумушчу топтун жетекчиси Айгүл Рыскулова билдирди. Анын айтымында, жыйында кыргызстандык мигранттардын көйгөйлөрү, алардын абалын жеңилдетүү боюнча маселелер талкууланмакчы.

Акыркы учурда Орусия мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдантты. 1-январдан тарта мигранттардын Орусияга кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү. Жаңы мыйзамга ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары бир жылда 180 күндөн ашык визасыз жүрүүгө жол берилбейт.

Буга чейин мигранттар мыйзамдуу 90 күн жашагандан кийин жок дегенде бир сутка ичинде Украина же Казакстандын жакынкы шаарларына чыгып, кайра киргенден кийин Орусия аймагында 90 күн жүрө берчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG