Бишкектеги Ош базарынын тегерегинде мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн мэриядан кабарлашты. Комиссиянын курамына санитардык, ветеринардык көзөмөл жана башка кызматтардын өкүлдөрү кирди. Ленин районунун акиминин орун басары Абдес Анарбековдун айтымында, жакында рейд уюштурулуп, уруксаты жок тамак-аш, кийим-кече сатып отургандар кармалган.
2010-жылы башталган Ош базарынын тегерегин ирээтке келтирүү иштери дээрлик 2 жылга созулуп, жыйынтыгында ички жана сырткы жолдор, өтмөлөр оңдолуп, мыйзамсыз курулуп калган күркөлөр алынган. Бирок жол боюнча жайып сатма учурлар дагы эле бар. (RK)