Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Ошто өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аял куткарылды


Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштап, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган аялды куткаруучулар аман алып калды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, окуя кечээ кечинде болгон. Ал аял Баткендин Сүлүктү шаарынын 45 жаштагы тургуну экени аныкталды. Куткаруучулар аны милицияга өткөрүп берди. Окуянын чоо-жайы азыр териштирилип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG